23-июнда саат 03:40та кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан аймакта күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу Тажикстандын аймагында (чек арадан 10-15 чакырым алыстыкта) жайгашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, зилзаладан кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.