Жалал-Абадда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу 23-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 22-июнда Кара-Көл шаарынын
Камбар-Ата шаарчасынын Санды-Көл тилкесинде Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган К.Р. шектүү катары кармалган. Аны текшерген учурда ак
түстөгү каптын ичинен болжол менен 3 килограмм марихуана маңзатына окшош, өзгөчө
жыты бар зат табылган.
Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошол эле күнү Камбар-Ата шаарчасынын Кочкор-Дөбө тилкесинде Чүй облусунун Сокулук районунун
тургуну, 1974-жылы туулган К.Н. да шектүү катары
кармалган. Аны текшерген учурда жанында алып жүргөн ак түстөгү каптын
ичинен болжол менен 2 килограмм марихуана баңгизатына окшош, өзгөчө жыты бар зат
табылган.
Азыркы күндө Кара-Көл ШИИБи тарабынан
тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.