21-июнда Ак-Тоо
чокусундагы Ак-Сай музуна чыккан испаниялык альпинисттерден турган топтун 3 мүчөсүнүн өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу 23-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин
альпинисттердин кар көчкүдөн улам каза болушканы айтылган.
Бишкек шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткирилген альпинисттердин денесинде, моюн жана маңдай бөлүгүндө жаракаттар бар экени, тизе, жамбаш жана жаактары, далы жана көкүрөгү сынганы белгилүү болгон.
"Чет өлкөлүк жарандар 17-июнда башка альпинисттер менен кошо кыргыз жерине келишкен. 18-июнда Ак-Тоо чокусуна чыгышкан. Алар 20-июнда байланышка чыкпай калганда аларды издөө башталган. 21-июнда Ак-Тоо чокусунда каза болгондордун сөөгү табылган. Факты боюнча чогулган материалдар Аламүдүн райондук ички иштер органдарына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.