Нарын дарыясына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 1989-жылы туулган Садыралы уулу Айбек 22-июнда саат 15:00 чамасында Нарын дарыясынын Золотой-Бачок аймагында жуунуп жатып чөгүп кеткен. Куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-мобилдештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунун куткаруучулары жана суучул-куткаруучу тартылган. Бүгүн саат 10:30 чамасында дайынсыз болгон жарандын жансыз денеси суудан табылып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suiuktuujar
2015-06-23 13:42:11
Кудай сакта жайы жаннаттан болсун.
+2
nurchik05
2015-06-23 15:51:43
Жайдын куну этият болгула туугандар
0
deva
2015-06-23 16:38:43
Бул бачокту менин туугандарым иштетишчү эле да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан