Өлүктүн жанында сүрөткө түшүп, интернетке жүктөгөн студенттердин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу 23-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-апрелде өлүктүн жанында сүрөткө түшүп, аны интернеттеги социалдык тармактарга жүктөгөн кыздардын сүрөтү коомчулукта талкууга алынган. ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлүк сактоочу жайга барышканда ал жерге практикалык сабактардын негизинде Бишкектеги Медициналык академия, Медициналык колледж, ИСИТОнун студенттери келери белгилүү болгон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө интернетке сүрөттү Медициналык академиянын даярдоо курстарында билим алып жаткан 1996-жылы туулган Р.Б. жүктөгөнү белгилүү болгон.Ал эми 18-майда өлүктү союу боюнча сабакта түшкөн сүрөтүн интернетке жүктөгөн З.Б. да аталган окуу жайдын 1-курсунун студенти экени аныкталган.