22-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, маркум Санжар Кадыралиевди өлтүрүүгө шектүү Алтынбек Итибаевди өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул маалыматты Санжар Кадыралиевдин карындашы, ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева өзүнүн интернет баракчасына жарыяланган. Ал эми аталган окуя боюнча дагы бир айыпталуучу Мурасбек Маташевдин күнөөсү далилденбей бошотулду. Учурда Алтынбек Итибаевдин жактоочулары жана агасы Медер Итибаев шаардык жана Жогорку Сотко кайрыла тургандыктарын айтышууда. Эске салсак, Санжар Кадыралиев 2009-жылдын 14-апрелинде Бишкекте өз үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн.
Сүрөттө:
1. Экс депутат, маркум Санжар Кадыралиев
2. Депутаттын өлүмүнө айыпталып келген жарандар