Боом капчыгайында эреже бузган мотоцикл айдоочусуна МАИ кызматкеринин ок чыгарганы талкууланууда

Өткөн аптанын соңунда Боом капчыгайында эреже бузган мотоцикл айдоочусун токтотуу максатында МАИ кызматкеринин ок чыгарганы интернетте талкуу жаратты. Видеодо МАИ кызматкери байкерди токтотуу үчүн белги берген, бирок ал токтобостон качып жөнөгөн. Кызматкер биринчи окту асманга атып, экинчи жолу мотоцикл кеткен тарапка багыттап, бирок ок чыгарган эмес.

Бүгүн, 23-июнда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов SUPER.KG порталына окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Жол-кайгуул кызматкерлеринин ок атуусу менен коштолгон окуя Чүй облусунун Москва районунда да катталган. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, 11-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда Ниссан Альмера унаасын токтотуу үчүн белги берилген, бирок айдоочу жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, унааны катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын артынан түшкөн кызматкерлер унаанын алдына чыгып, бири эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ага да болбогон айдоочу жол-кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган. Экинчи жолу атылган ок айдоочуга тийип, ал ооруканадан көз жумган.

Талкууга алынган МАИчи жана байкерлер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Lintel
2015-06-23 16:17:12
туура эле аткан азамат экен маичи оз милдетин аткарган.
+3
karabek
2015-06-23 16:30:38
МАИ кызматкери псих.
-5
Bors
2015-06-23 16:39:56
Ушулар адам аткыч болуп баратат тапанчаларын алып койбосо 1-2 жылда айдоочуларды кырып койгудай.
+10
aku
2015-06-23 23:19:38
Bors, элестетип атам айдоочулар кырылып атканын)))))
+1
Jiide.8792
2015-06-23 16:56:11
Тура эмес маичи кокус аркадагы адамга тийсечи токтободубу кубала же перехват этишкерек жанында формасы жок биро да журотко тушунбойсун
0
asiret
2015-06-23 16:58:51
токтобой койгону учун эле ок чыгара берген болбойт го
-2
Dadin2
2015-06-23 17:06:23
Буларда эмне куноо,булар болгону министрдин буйругун аткарып жатышатда.Министр бир окуядан кийин айтпады беле мындан кийин ким милиция токто дегенде токтоп баш ийбегендерди сразу атабыздеп.
+5
bom.bon
2015-06-23 17:11:39
Аткан эмес деп туратко.бир ГАИ жаман кылык кылса эми баары ошондой корунуп калбайтко.тема коркунучтуу экен.
0
nurik2103
2015-06-23 17:51:00
Мыйзамга баш ийбедиби атыш керек, биздин милицияларды тоготпогону да токтобогону, тааныш билиш дегенди да токтотушубуз керек, гаичи менин акамин досу болот, жездемин иниси болот деп еле канчалагандар правасыз жүрүшөт,
+2
Bors
2015-06-23 20:26:48
nurik2103, Кылмышкер болсо атса болот жон качкан адамды кууса качкан Адам же болбосо кууган вария болушу мумкун ошон учун жон койсо эч ким страдать этпейт. Эгер ушундай эле адам аткылары келип атса Баткенге барып чек араны бузуп откон коншуларды ата берсин, жоок андайга булардын духу жетпейт.
-1
bakyt_2015
2015-06-24 08:10:21
Bors, ГАИтозсо качып кетип атса анын кылмышкер же кылмышкер эмес экенин кайдан билет.Кыйкырып сурайбы оой сен кимсин кылмышкер болсон кубалайм болбосон кете бер дейби.Сен айткандай страдать этпесин деп жон койо турган болсо анда биздин олкого ГАИнин эмне кереги бар.
0
aibo_85
2015-06-24 09:35:05
bakyt_2015, МАИнин мыйзамы боюнча качкан машинаны кубалабайт, просто кийинки постко кабар берилет, же план перехват боюнча жол коопсуздугуна тоскоол келтирбестен алдын тороп тосушат. Ал эми МАИ кызматкери кызматтык автоунаасы, тиешелуу кийим, значогу, белгиленген жер, убакыты корсотулгон маршруттук картасы болушу зарыл. Жогорудагылар жок болсо токтобой кете берсе болот. Жаш баланы пистолет менен аткан окуяда МАИ кызматкеринин кызматтык автоунаасы болгон эмес.
0
ooki8888
2015-06-23 18:12:18
МАИчилер туура кылган. Себеби озунун эле эмес, башка бей куноо адамдардын омуруно коркунуч жараткан айдоочуларды атып болсо да токтотуу керек!
Законду жана бири бирибизди сыйлайлы туугандар!!!!
0
Medina87
2015-06-23 20:33:46
Закон баарыбызга бирдей! Демек, МАИ кызматкериники туура.
+2
Aidar.001
2015-06-23 22:45:25
Мыйзамдуу эле болгон бул жерде,бирок кара фудболка кийген бала ашыкча болуп калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан