ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмү билдиргендей, Кыргызстан боюнча өткөн 3 сутка ичинде 3 өрт кырсыгы катталды. Маалым болгондой, 22-февралда Бишкек шаарында 1 жана Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болуп, адам өмүрүнө зыян келтирилген учур болгон жок. Ал эми 24-февралда Ош шаарындагы батирлердин биринен өрт чыгып, кырсыктан 1947-жылы төрөлгөн И.К. аттуу жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген.