Бишкекте алдамчылыкка шектелген милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Бишкектеги Ленин райондук ички иштер органдарында иштеген милиция кызматкерине "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 23-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын сентябрь айында М.Д. аттуу жаран Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны А.Д. аттуу милиция кызматкеринен сатып алган. Бирок сатылган унааны милиция кызматкери мурун көп убакытта төлөө жолу менен сатып алып, акчасын толук төлөп бүтпөгөнү белгилүү болгон. Сатууга укугу жок туруп сатып жибергени боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bors
2015-06-23 17:21:57
Аа байкуш кызыл шапкечен
0
Medina87
2015-06-25 20:54:08
Балык башынан сасыйт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан