“Өлкө ЕАЭБге кирсе, чет өлкөдөн эт арзан келип, ата мекендик азык-түлүктөрдүн абалы туңгуюкка учурайт”. Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда тегерек столдун жүрүшүндө “Өтмөк” эт өндүрүү ишканасынын директору Болот Смаилов билдирди. Анын айтымында, учурда Беларусь өлкөсүндө эттин килограммы биздин акчага которгондо 150 сомду түзөт. Ал кыргыз жергесине келип 200 сомдон сатыла баштайт.
“Биздин өлкөдө, мисалы, эттин баасы 300 сом турат. Кыргыз жергеси ЕАЭБге киргенден кийин ошол эле Беларусь өлкөсүнүн эти, кумшекери биздин базар экономикабызга арзан келип түшөт. Бул нерсе жөнөкөй жарандар үчүн, балким, жакшыдыр, бирок ишкерлер үчүн эмес. Ишкерлерге 1 миллион сом насыя алгыла деп жатышат. Ал акчага ашып кетсе 20 бука аласың, бул жетишсиз. Бизге татыктуу иштеп кетиш үчүн жок дегенде 200 уй керек. Ал эми эт өндүрүүчүлөрдүн биригүү маселеси жакында чечилерине көзүм жетпейт”,-деди Смаилов.