Ысык-Көл. Спорттук зал курууда каражатты негизсиз пайдаланып, мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирген мекемеге кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусундагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги департаментте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган. Бул тууралуу 23-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2008-жылы жогоруда аталган мекеме Тоң районунун Төрт-Күл айылына спортзал куруу үчүн тендер өткөргөн. Суммасы 8 миллион 972,3 миң сом болгон тендерди "ТоргоСтрой" ишканасы утуп алган. Курулушка республикалык бюджеттен 2 миллион 673,9 миң сом бөлүнгөн, анын 1 миллион 534,7 миң сомуна пайдубал куюлган. Калган 1 миллион 139,1 миң сом керектелген эмес жана пайдубал сапатсыз курулгандыктан, уроо абалына жетип калган. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 139,1 миң сом зыян келтирилген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ajar.
2015-06-23 17:27:02
"Өз көмөчүнө күл тартуу", "май кармаган бармагын жалайт", "беш колун салып"... деген тилдик туюнтмалар ушуларга туура келет да, ээ... Кайрандар, мамлекет эптеп ар жак-бер жактан карызга батып болсо да акча таап берсе, булар улуп-жулуп, өөнөп, менчиктеп алуу аракетинде...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан