24-февраль күнү саат 07:30 чамасында Бишкек-Маевка багытында бара жаткан автоунаа жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кырсыкка Хендай Портер унаасынын айдоочусу, 1984-жылы туулган А.К. аттуу жаран себепкер болгон. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себебин жана каза болгон адамдын аты-жөнүн тактоо боюнча иштер жүрүүдө.