Сузактын 18 жаштагы тургуну көлмөгө чөгүп кетти, куткаруучулар сөөктү издеп жатышат

23-июнда Сузак районунун Ырыс айыл аймагындагы Ала-Мал тилкесинде тургун саат 15:30 чамасында сууга чөгүп кетти. Анын Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1997-жылы туулган Фахридин Эгембердиев экени аныкталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин министрликтин №58-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана туугандары кошулуп, 20 адам жүргүздү. 24-июнь күнү саат 06:00дө издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө өзүнчө куткаруу отрядынан дагы 6 куткаруучу Ош шаарынан жөнөп кетти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан