Пакистанда күндүн ысыгынан 700гө жакын адам көз жумду

Пакистанда күндүн өтө катуу ысып кеткенинен 700гө жакын адам көз жумду. Чет элдик маалымат булактары каза болгондордун саны өлкөнүн түштүгүндөгү Карачи шаарында өсүп жатканын жазышууда. Алардын көпчүлүгү улгайган адамдар менен оорукчандар. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги алардын 600ү Карачи шаарындагы мамлекеттик ооруканадан көз жумса, 100гө чукулу жеке менчик ооруканадан набыт болгонун билдирди. Ошол эле учурда жабыр тарткандардын саны да 3 миңге жеткени жазылды. Өлкө метеорологдорунун айтымында, күндүн ысыктыгы 45 градуска чыкты. 
Айта кетсек, мындан бир ай мурун Индияда да күндүн ысыктыгы 50 градуска чыгып, андан 2 миңге чукул адам каза болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aiturgasha
2015-06-24 10:51:14
окунучтуу.. негизи быйыл 40 жылдан бери боло элек ыссык болот дегени чын окшойт
0
KUMU89
2015-06-24 11:42:29
Акыры замандын жакын калганы ушул бейм. Же болуп жатат. Бир жерди суу каптап, бир жерде ыссык. Бизде кун алыс шамал.
+2
insap
2015-06-24 11:58:52
Кудай сактасын!...
0
meli12
2015-06-24 13:24:08
акыр заман келет келеерде оорулмр кобойот жер жерлерде согуштар болот падыша падышага каршы чыгат жер титироо суулар каптап жер жерлерде абанын кескин озгорушу бул башталышы эле деген азыр точна ушул нерселер болуп атат
0
begimai93
2015-06-24 18:36:31
кудай сакта
0
saltanat.
2015-06-24 21:48:52
Екатеринбургда кечээ +39 градуска чыкты. Тердеп болбой калдык.
0
bakyt_2015
2015-06-25 00:07:45
Кызык кишилер бар,бурцеллез кой жабышкан эгиз козу тууса деле, кун суук болсо,ысык болсо деле акыр заман деп,деле акыр заман оозунан тушпогондор бар экен.Андайларга оозуна таш деп гана койуш керек. Аба ырайынын мындай кубулуштары буга чейин эле болуп келген, мындан ары да боло берет.Мындайга ал бул дештин эч кажети жок.Баардыгы кудайдан.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан