Баткен. Бир катар аймактарда селдин, шамалдын кесепетинен жолдор, үйлөр жана айдоо жерлери жабыркады

Кечээ, 23-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, катуу шамал болду. Мындан улам Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, көп аймактарда сел айдоо жерлерин жабыркатып, унаа жолдоруна да кедергисин тийгизген.

Баткен районунун Кыштут айыл аймагындагы Газ айылында саат 17:40 чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Газ-Согмент унаа жолунун 6 чакырым аралыгы бузулган, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Ошондой эле Айгүл-Таш - Таян унаа жолунун кээ бир жерлери бузулган.

Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак айылында 2015-жылдын 23-июнунда саат 17:40 чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Булак айылынын ортосунан өткөн сайдан сел жүргөн. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Суу-Башы айыл аймагындагы Боз-Адыр айылында 22-июнда саат 21:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 10 метрге чейин жеткен шамал катталып, Маданият үйүнүн темир чатырын, 1 турак үйдүн чатырынын 15 даана шиферин жана 16 метр тактайчасын, 1 чарбалык курулуштун темир чатырын учуруп кеткен.

Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылынан 1 турак үйдүн чатырынын 25 даана шиферин учуруп кеткен.

Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагында 2015-жылдын 23-июнунда саат 17:30дан 19:30га чейин жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүрүп, анын кесепетинен Сур айылынан Сырт айылына кеткен ЖЭМ-46 ишканасынын балансындагы унаа жолунун Ормош айылындагы 500 метр жолдун жээги селден бузулган, жол каттамы ачык. Мындан сырткары Бел айылындагы Бел тилкесинде элдин үлүш жеринин 3 гектарын сел каптап, кум-шагылга толтурган.

Чечме айылында Чечме сайынан сел жүрүп, Ош-Исфана унаа жолунун 178-чакырымындагы буга чейин убактылуу унаалар өтүүгө ачылган жолду сел жууп кеткен. Аталган унаа жолу ЖЭМ-46 ишканасынын балансында. Унаалар Чечме айылынын ичинен айланып өтүп жатышат.

Бирлик айыл аймагындагы Жал айылында 22-июнда саат 21:30 чамасында секундасына 12 метрге чейин жеткен шамал катталды. Шамалдын кесепетинен 2 турак үйдүн чарбалык курулушунун чатыры учуп кеткен.

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Кулунду айылында “Кулунду-Раззаков” суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагындагы каналдарды 6800 метр куб кум-шагылдан тазалоо жана бузулган жерлерин калыбына келтирүү иштерине аталган ассоциациядан 2 экскаватор жана 15 адам тартылган.

Ак-Арык айылынын чыгыш тарабындагы сайды тазалоо иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 жүктөгүч тартылып, бүгүнкү күнгө 700 метр кубу тазаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан