Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Жалал-Абад. Сузак районунун Сузак айылындагы Навай көчөсүндө (№17-үй) 184 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган турак үй, үй мүлкү толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби этиятсыздыктан улам болгон.
Чүй. Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Ленин көчөсүндө 120 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Себеби такталууда.
Бишкек. Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан Медициналык академиянын морфология корпусунун жанында 1800 чарчы метр куураган чөп, таштанды күйгөн. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыкка байланыштуу болгон.