Чүйдө жер тилкелерине байланыштуу алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды

Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жер тилкелерине байланыштуу алдамчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу 24-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2009-2010-жылдар аралыгында Жанна жана Чолпон аттуу жарандар бир нече адамдын ишенимине кирип, аларга Новопавловка айылы тараптан жер тилкелерин алып беришкен. Документ иштерин бүтүрүп, 2,5-5 миң доллар алышкан. Бир канча убакыттан кийин кайра жер тилкелерин башка адамдарга сатып жиберишкен. Укук коргоо органдарына 4 жаран арыз менен кайрылгандан кийин иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1975-жылы туулган С.Ж. жана 1966-жылы туулган А.Ч. кармалган. Факты боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан