Ысык-Көлдө эки жыл мурун апасы өз уулун 25 миң сомго сатканы аныкталды

Ысык-Көлдө үч жарым жаштагы уулун апасы 25 миң сомго сатканы аныкталды. Бул тууралуу 23-июнда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен 61 жаштагы Ак-Суу айылынын тургуну кайрылган. Ал 2013-жылы кызы өзүнүн үч жарым жаштагы уулун облустун борборунда жашаган үй-бүлөгө сатып жибергенин айткан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө баланы сатып алган адамдардын аты-жөнү такталган. Алар баланын апасы уулун бага албай, өз ыктыяры менен сатканын билдиришкен. Азыркы тапта окуяга юридикалык жактан баа берүү үчүн текшерүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gamze90
2015-06-24 12:32:51
Бир чети сатканы деле туура, бага албаса ал бала жетишпеген мээримсиз жашоодо чонойсо кандай келечек кутмок эле. Олтуруп же жетимдер уйуно деле таштап жатпайбы,
0
AJow
2015-06-24 12:36:29
Gamze90,
Сен оз баланды бага албай калсан сатат белен?
0
Gamze90
2015-06-24 12:41:21
Жок... Калп эле кыйын болуп элдин алдына кокурок какпагылачы. Ал жыргаганынан саткан жери жок да. Жыргаса ким эле сатсын. Бага албай кочо кестирип тилемчилик кылдыртып же араба туртургучо. Пусть ошол уйдун мээримине болонуп жашасын.
+2
bom.bon
2015-06-24 13:20:47
Gamze90, ар бир бала торолгондо озунун ырыскысы менен торолот.Саткыдай таштагыдай жандык эмеско.
+1
chynara-84
2015-06-24 13:22:02
Буюм катары сатпай эле,жон эле берсе болбойбу?Бага албаса.
0
Medina87
2015-06-25 20:37:50
Оз баласын саткан эне ЭНЕ деген атка татыксыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан