Эринес Оторбаев Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев 24-июнда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Э.Оторбаев буга чейин кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министринин орун басары болуп эмгектенген.