Пара алып жаткан кызматкерлерди кармоодо тоскоолдук кылган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Пара алып жаткан кызматкерлерди кармоодо тоскоолдук кылган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери А.А. жана Т.Н. пара алып жаткан учурда кармалышкан.
Ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө 20га жакын адамдан турган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлер тобу кесиптештери кармалган жерге келишкен, алар тергөө иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга аракет жасашкан. Алардын бири кылмышка шектүүлөр отурган унаанын эшигин ачып, кармалгандарды бошотууга аракеттенген. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.
Бишкектеги финполчулардын пара менен кармалышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ne-gramytnyi
2015-06-24 14:03:17
Камаш керек баарын
0
Gamze90
2015-06-26 09:50:52
Пара алгандар чындап эле жазаланып жатабы? Же кайра ал да пара берип чыгып кетип жатабы, коомчулукту козгоп коюп иштеп жатат деген медал тагынып алышып, ары жагы да таза болду бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан