ЭЛДИК КАБАР: Кочкор районунда жаңы жол 1 чакырым узундукта гана салынып, эл буга нааразы болууда

"Кочкор районуна караштуу Шамшы айылына жаңы жол салынды. Негизи, бул жол ылдый жакта жайгашкан Кум-Дөбө айыл өкмөтүнөн тарта Шамшы айылынын башына чейин салынмак. Бирок 1 чакырым менен курулуштун токтотулганы элди нааразы кылууда". Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол үчүн канча каражат бөлүнгөндүгү тууралуу так маалымат жок. “Жамаачыдай кылып бир аз асфальт жалатып койгончо, жол салбай койгон жакшы болмок”,- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан