Кыргыз мамлекети менен Австралиянын футболдук беттешинде милицияга таш ыргытып, баш аламандык уюштургандар изделүүдө

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 16-июнда Кыргыз Республикасы менен Австралиянын футбол командаларынын беттешинде стадионго кире албай, милиция кызматкерлерине таш жана желим бөтөлкөлөрдү ыргыткандар изделүүдө. Бул тууралуу 24-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Стадионго кире албай калгандар оюнду стадиондун дубалына жана бактарга чыгып алып көрүшкөн. Айрым футбол күйөрмандары ыргыткан таштардан үч милиция кызматкери жаракат алып, факты боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
12.12.12
2015-06-24 16:07:17
Ошондо кармабаганда эми кайдат тапмак эленер? Ушундайардан дайыма баш аламан болот да.
0
nur-patriot
2015-06-24 16:12:18
ак футболкачанды таныйм. бул кудрет тайчабаров
+1
Rifle
2015-06-24 16:55:04
nur-patriot, Ошондо эмне сатып койдунбу?
Чын болсо, атыны озгортосунбу дейм да.

Копчулугу колунда билети бар туруп кире албай калыптыр. Мумкун ошолордун бири чыгаар.
+1
Ajar.
2015-06-24 16:45:33
Тим эле койсоңор болмок, бул тентектерди ))) Булар деле кантсин, футбол көргүлөрү келишти да, анан батпай калышты... Тиги үч милиция кызматкерин эске албаганда (жеңил эле жаракат болсо керек), бактыга жараша, кырсык болгон жок да. Андан башка, чыныгы бейбаштарды издесеңер болмок...
+1
Uli6886
2015-06-24 17:52:34
Чакырып тушундуруу иштерин жургузуп койсо эле болот. Менимче сындырганы эле табышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан