Чүй. Мамлекетке 600 миң сомдон ашуун зыян келтирген Панфилов районунун Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына кылмыш иши козголду
Чүй облусундагы Панфилов райондук прокуратурасы райондогу Агрардык өнүктүрүү башкармалыгында текшерүү иштерин жүргүзгөн. Бул тууралуу 24-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Анда башкармалыктын жооптуу кызматкерлери Фрунзе айыл өкмөтүнүн жумушчулары менен сүйлөшүп алышып, Г.Д. аттуу жаранга 35 тонна буудайды насыяга алууга уруксат берүүчү документтерди жасашканы аныкталган. Натыйжада мамлекетке 615 миң сом зыян келтирилген. Факты боюнча Панфилов районунун Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.