Чүй облусунун Кемин районундагы Боом капчыгайында кымыз сатуу бизнеси өнүгүүдө. Мында үч жылдан бери кымыз сатып келген Владислав Ликчинов бул чакан бизнесин жол четинде кантип өнүктүрүп жатканын айтып берди. Тоо арасына боз үй тигип, бээ байлап тиричилик кылган Ликчинов алгач кыргыз элинин салттарын өздөштүрүп, андан кийин чакан иш баштаганын айтат.
"Кардарларга кыргызча сүйлөп кайрылсам, алар менден ар дайым көбүрөөк соода кылып кетишет. Албетте, мен кыргыз жеринде жашагандан кийин кыргыз тилинде сүйлөө керек деп эсептейм. Ал эми соода жакшы болуп жатат. Бир күндө 10-20 литрге чейин кымыз жана 10, 15, 20 сомдук куруттан 20 чактыны сатам. Эми июль айында мындан көп сатыла баштайт, себеби Ысык-Көлгө баргандар көбөйөт",- дейт ал.
Чакан бизнес ээси май айында кымыздын 1 литрин 200 сомдон сатса, учурда 120 сомдон болуп жатканын айтты.