Беловодск айылындагы көлмөгө чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, 24-июнь күнү саат 16:10до Чүйдөгү Беловодск айылындагы көлмөгө Ак-Суу айыл аймагынын Кемен-Суу айылынын 1998-жылы туулган Азат Алымкулов аттуу тургуну чөгүп кеткен.
Окуя болгон жерге ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборунан 7 куткаруучу чыгып, издөө иштерин жүргүзүшүп, анын денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришти.