24-июнда саат 23:15 чамасында Каракол-Пристань унаа жолунун 20-чакырымында Ауди-100 үлгүсүндөгү жеңил унаа жана КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүштү. ӨКМнын басма сөз кызматы кырсыктан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын айдочусу Рыспек Жолдошев каза болгонун кабарлады.
Окуя болгон жерге ӨКМнын №15-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.