Ошто 4 айлык баланы сатууга аракет кылган 46 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу
Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы 25-июнда билдирди.
Маалым болгондой, 24-июнь күнү Ош шаарында 1969-жылы Өзгөн районунда туулган А.Н. аттуу аял баланы 20 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.