24-июнда селдин кесепетинен Ала-Бука районунда 108 үй таза суу жана электр жарыгысыз калды

Ала-Бука районунда 108 үй таза суу жана электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка таянсак, Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл аймагында 24-июнда саат 21:00 чамасында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Кең-Кол айылындагы Күйгүмөн сайынын деңгээли көтөрүлүп, 2 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Мындан сырткары сайдын жээгиндеги таза суу арыгы бузулуп, 2 даана электр мамысын сел алып кеткен. Селдин кесепетинен Кең-Кол айылынын жашоочулары (108 кожолук) таза суу жана электр жарыгысыз калышкан. Ошондой эле Кең-Кол айылын айыл аймак менен байланыштырган ички чарбалык жолду сел суулары жеп кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан