Сузакта диний-экстремисттик материалдарды сактаган атуулдар аныкталды

Жалал-Абад облусунда "Экстремист”, “Арсенал” операциясы жүргүзүлгөн. Бул тууралуу 24-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак райондук сотунун 2015-жылдын 19-июнундагы токтомунун негизинде, "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү деп шектелген Сузак районунун Ырыс айыл аймагындагы Кургак-Көл айылынын Тажибаев көчөсүнүн тургуну А.И. жана Бек-Абад айылынын тургуну К.Кнын үйлөрү текшерүүгө алынган.

Натыйжада 2 үйдөн "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү 9 даана китеп, 4 даана баракча, 7 даана блокнот, 10 даана дептер, 8 даана DVD-диск алынган. Учурда аталган факты боюнча Сузак РИИБи тарабынан теологиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан