Бүгүн, 25-июнда премьер-министр Темир Сариев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун аймагындагы Кулунду-Максат көпүрөсүнүн жана жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Сариевдин айтымында, көпүрөнүн бүткөрүлүшү менен кыргыз өлкөсүнүн чектеш аймагында жашаган жарандардын жашоо шарты жакшырат. Узундугу 2,7 чакырымга созулган жол жана көпүрө Тажик Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа кыймылын камсыз кылуу максатын көздөйт.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл аталган курулушту алга жылдырууга кошумча каражат бөлүнөт. Белгилей кетсек, быйылкы жылга карата Баткен облусун өнүктүрүүгө бюджеттен жалпысынан 147 миллион сом бөлүнгөн.
Андан соң өкмөт башчы "Кулунду" чек ара тозотунун иши менен таанышты. Премьер-министр өз сөзүндө чек ара аймактарындагы коопсуздук маселесине өзгөчө маани берүү зарылдыгын белгилеп, чек арачылардын татаал жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.