Чүйдө унаа уурдоого шектелип эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу 25-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, милицияга арыз менен 52 жаштагы О.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 13-апрелге караган түнү короосунун алдына токтотулган Дамас үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүү катары 1999-жылы туулган С.У. жана 1998-жылы туулган А.А. кармалышкан. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.