Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип 55 жаштагы аял кармалды

Аламүдүн райондук ички иштер органдары тарабынан алдамчылыкка шектелип 55 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу 25-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 34 жаштагы А.С. аттуу жаран кайрылган. Ал 2014-жылы 8 сотых жер тилкесин алып берем деп 1000 долларын алдап алган Юлия аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1960-жылы туулган К.Ю. кармалган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан