ЭЛДИК КАБАР: Караколдо суу түтүгү жарылып, айрым учурда суу чыкпай калып жатат

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда суу түтүгү жарылып, суу көп кабаттуу үйлөрдүн алдын каптоодо. №9-үйдүн маңдайында жайгашкан люктан дайыма суу түтүгү жарылып, суу үйдүн алдын каптап турат. Кээде суудан улам сыртка чыгууга мүмкүн болбой калат. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

“Ал түтүк жарылганда райондогу көп кабаттуу үйлөрдөн суу чыкпай калат. Суу башкармалыгы ушуну жакшылап оңдоп койсо болмок. Айына бир жолу дал ушул жерден суу атырылып, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып келет”,- дейт окурман.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан