Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери уурулукка шектелип кармалышты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери уурулук жана бейбаштык фактыларына шектелип кармалышты. Бул тууралуу 25-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-июнь күнү 9-10 адамдан турган жогоруда аталган мекеменин кызматкерлери Бишкек-Торугарт унаа жолунда И.Ж. башкарып бара жаткан унааны токтотушкан. Аны жүргүнчүсү Д.Р. менен кошо сабап салышкан. Жабырлануучулардын унаасында жүк болбосо да сабап салышкандан кийин Д.Р. аттуу жаранга тиешелүү 7,3 миң доллар жана 500 сом акчаны алып алышкан. 

Факты боюнча 22-июнда УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучулар аларды сабаган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери М.Б. менен Б.Аны көрсөтүп беришкен. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bektur2
2015-06-25 16:48:48
Финполдун кызмат керлери аша чаап кетишти го акыркы убакта
0
kubat_1973
2015-06-25 17:11:29
Ууруга богот болот дегендер ушул жолдо журсо ууруларга таарынбай деле койсок болчудай экен.
0
Sezim.A
2015-06-25 18:18:13
Уятсыздар десе,арам тамакка конушкон да булар,буга окшогондун канчасын талап тоношкондур бир квдайга маалым.Соттолуп тиешелуу жазасын алышсын.
0
Shai
2015-06-26 09:52:56
Азыр бизде ошондой черныйлар окумоттун иштерине аралашып калганда. Чындыгында карасан финполдо УКМКда дагы ушундай кылмыштын бетин ача турган органдарга кирип алып, оздорунун черный иштерин жасап журушот. Мындайлар толтура. Ошондой кызматкерлер менен суйлошуп корсон допондорго окшоп эле суйлошушот акыл деген жок коркутуштан башканы билишпейт.
0
alirun
2015-06-26 10:02:59
Коррупцияга богот койчу органдарыбыз оздору коррупцияга баткан экен да. Фин.полго конкурс кылып, жалан таза, жаш жигиттер келди деп какшап жатышпады беле, корсо жалан мырыктар келген тура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан