Мал уурдоого шектелип 43 жаштагы Сокулук районунун тургуну кармалды
Сокулук районунда мал уурдоого шектелип 1972-жылы туулган У.Б. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 25-июнда билдирди. Маалыматка караганда, аталган райондук милиция Ак-Жол айылында жылкынын жоголушу боюнча кылмыш ишин козгогон. Белгилүү болгондой, милицияга жылкынын ээси, 1958-жылы туулган О.С. аттуу жаран кайрылган. Ал жылкысын байлап койгон жерден белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Тергөө амалдарынын негизинде кармалган жергиликтүү тургунга карата "мал уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголду.