2015-жылдын 23-24-июнь күндөрү Баткен райондук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын
кызматкерлери уурулукка шектелген 24 жаштагы Т.А., 16 жаштагы А.Н., 17 жаштагы М.Б. жана
17 жаштагы Т.А. аттуу жарандарды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр
май айында Баткен шаарынын
борбордук базарында жайгашкан соода күркөсүнө кирип, 200 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кетишкен. Мындан сырткары Кара-Бак
айылында жайгашкан дүкөндүн дубалын бузуп кирип, 40 миң сомдук
уюлдук телефон, флешкаларды уурдап чыгышкан.
Фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.