Баткен шаарынын тургуну Сарахан Нурматова ушул жылдын 7-июнунан тарта дайынсыз болуп, жакындары издеп жатат. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу бүгүн, 26-июнда SUPER.KG порталына кабарлады.
“Ал эс тутумун жоготкон болушу мүмкүн. Акыркы кездерде Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ош шаарларынан көргөндөр бар, бирок кайсы жерде жүргөнүн так биле албай жатабыз. Көргөн-билгендер, кабарлап койсоңуздар, сураныч!” деп жазылат маалыматта.
Көргөн-билгендер (0778) 89-71-17, (0778) 88-19-72 номурлары аркылуу кабарласа болот.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.