Сочи шаарында 25-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече үй суу астында калды. Ошондой эле шаар көчөлөрү сууга толуп, унаалар суу үстүндө калкып калды. Орусиянын маалымат каражаттары учурда суу ташкынынан улам тургундар башка аймактарга көчүрүлүп жатканын кабарлашты. Ал эми шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, аэропорт жабылып, транспорттук каттамга чектөө киргизилди. Бүгүн, 26-июнда анын кесепетинен каза болгондор бар экени айтылды.