Баткен, Талас, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу 26-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак айылында 23-июнда саат 17:40 чамасында мөндүр аралаш катуу жааган
жамгырдын кесепетинен Кара-Булак айылынын ортосунан өткөн сайдан сел
жүргөн. Анда “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин үстү
жагындагы Кара-Булак айылына келүүчү агын суу топтолуучу резервуарга сел кирип, ичин 30 метр аралыкта, туурасы 15 метр, 1,8 метр
калыңдыкта кум-шагылга толтурган. Лагерге баруучу 3 көпүрөнү сел агызып кеткен.
Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагындагы селден Сур айылынан Сырт айылына кеткен ЖЭМ-46
ишканасынын балансындагы унаа жолунун Ормош айылындагы 200 метр жолдун
жээги селден бузулган, жол каттамы ачык. Мындан сырткары Бел, Чечме, Эшме, Жал айылдарында болгон селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлдү.
Ал эми Талас облусундагы Манас районунун Покровка
айыл аймагында 23-июнда саат 15:00 чамасында катуу жааган
жамгырдын кесепетинен Жайылган айылындагы Кара-Коо, Узун-Булак
сайларынан жана Кара-Арча айылынын Куру-Сай, Кара-Арча сайларынан сел
ташкындары түшкөн. Селдин кесепетинен Жайылган айылындагы сел өткөрүүчү Жорго каналынын үч жеринен суу ашып кеткен. Натыйжада Жайылган
айылында 30 турак үйдү, 1 мектепти, 28,8 гектар айдоо жерин, Кара-Арча
айылында 17 турак үйдү 4,05 гектар бакчаны сел каптаган.
Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында
2015-жылдын 24-июнунда саат 21:00 чамасында сел жүргөн. Селдин
кесепетинен Кең-Көл айылындагы Күйгүмөн сайында суунун
деңгээли көтөрүлүп, жээкке жакын жайгашкан 2 турак үйдү суу каптап кетүү
коркунучу жаралган. Сайдын жээгине жакын жайгашкан 108 кожолук сугат суу катары
пайдалануучу арыкты жана ичүүчү суу катары пайдаланып келген булактын
башталгыч тарабын сел суулары бузуп, жараксыз абалга келтирген. Унаа жол катары пайдаланып келген ички
чарбалык автожол бузулуп, 21 кожолук пайдаланган автожол каттамы токтоп
калган.
Айылды
электр жарыгы менен камсыздап турган 1 даана электр мамысы жыгылып, сел агызып, жараксыз абалга келген, 1 электр мамысы кооптуу
абалга келип, натыйжада айылга электр жарыгын берүү токтоп калган.