Түштүк Кореяда өлүмгө жеткирген MERS вирусунан дагы 2 адам курман болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Саламаттык сактоо жана Социалдык өнүгүү министрлигине шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, жалпысынын бул илдеттен каза болгондордун саны 31ге жетти. Ал эми вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 181ге жетти. Ошондой эле азыркы учурга чейин 81 адам толугу менен дарыланып, ооруканадан чыккан. Дагы 69 адам медициналык мекемеде дарыланууда, алардын 13ү оор абалда. Карантин режиминде 2900 адам турат.