Талас. Жаштар министрлигинин жана кесиптик лицейдин кызматкерлери "окутуу курстарына бөлүнгөн каражатты өз эсебине өткөргөн" деп шектелишүүдө

Талас шаардык прокуратурасы тарабынан Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Талас шаардык жана райондук бөлүмдөрү, №90-кесиптик лицей текшерүүгө алынган. Бул тууралуу 26-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Анда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Талас шаардык жана райондук бөлүмдөрү менен №90-кесиптик лицейдин жооптуу кызматкерлери жасалма документ аркылуу "персоналдык компьютердин оператору" адистиги боюнча кыска мөөнөттүү окутуу үчүн бөлүнгөн каражаттарды өз эсебине өткөрүп алышканы белгилүү болгон. Ошондой эле курстарда билим албаган жарандарга сертификат бергени аныкталган.
Факты боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан