Караколдо бала бакчага кабыл алуу үчүн 4 миң сом талап кылган директордун иши сотко өттү
Каракол шаарындагы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "опузалап пара талап кылуу" беренелери менен айыпталып жаткан №2-бала бакчанын директоруна карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктап, иш сотко өттү. Бул тууралуу 26-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 2015-жылдын 22-апрелинде бала бакчанын М.К. аттуу директору шаар тургунунун кызын бала бакчага кабыл алуу үчүн 4 миң сом пара талап кылган. Ошол эле күнү тергөө амалдарынын жүрүшүндө директор пара алып жаткан жеринен кармалган эле.
4000Сом учун ушунчабы???Бишкекте гос садиктердин ставкасы 10000 сом экен.Аларга контроль жок(
0
alirun
2015-06-30 10:38:14
4000 сом учун байкуш аялды куратат экен да. Бир жолку жардам катары, баласына берип деле койсо болмок. Азыр бардык эле бала бакчага жардам деп 6000-12000 сомго чейин алат.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.