Сокулук районунда сууга чөгүп кеткен 9 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу 26-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Сокулук районунун Сокулук айылында 25-июнь күнү саат 16:58де 2006-жылы туулган Максим Гуляев №1-суу сактагычына чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборунан 6 куткаруучу барып, чөгүп кеткен баланын денесин табышты.