Маалыматка караганда, Б.К. аттуу жаран Кадамжай районундагы жүктөрдүн салмагын көзөмөлдөөчү "Көк-Талаа" өткөрүү бекетинин кызматкерине салмагы нормадан ашкан 15 жүк ташуучу унааны текшербей өткөрүү үчүн акча сунуштаган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 30 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Б.К. аттуу жаран кармалды. Факты боюнча "пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.