Бишкек медициналык колледжинен диплом сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек медициналык колледжинде дипломду жасалмалаган факты аныкталды. Бул тууралуу 26-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын башында К.Н. аттуу студент окууга жөнү жок барбагандыгы үчүн  колледждин 3-курсунан чыгарылган. Ошол эле жылы окууга кайра кабыл алынган. Окуу жылы бүтө элегине карабастан, 2800 доллар өлчөмүндөгү акчага Бишкек медициналык колледжин бүткөндүгү жөнүндө диплом алган. 

Факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nelya88
2015-06-27 09:06:47
Кийин барып дагы бир жерге акча берип жумушка орношот да,мээсинде эч нерсе жок эле ой-келди даарылай беришет...Мед.академия,мед.училищедегилердин баары азыркы учурда акча аркылуу гана окууларын бутурушуп,врачтарыбыздын билим денгээли абдан эле томон,кантсе да элибиздин ден-соолугу,омуру аларга коз-каранды болуп жатпайбы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан