Жаза аткаруу кызматы: "Ок атышуудан соң качып кеткен кылмышкерлер кармала элек"
УКМКнын кызматкерлери менен ок атышуудан соң качып кеткен кылмышкерлер кармала элек. Бул тууралуу 26-июнда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Изделип жаткан 24 жаштагы Альберт Абхин жана 27 жаштагы Жанболот Аширов жатак-абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатып 25-апрелден бери дайынсыз болушкан. Аларга карата "абактан качуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кечээ, 25-июнда кылмышкерлерди колго түшүрүү учурунда алар УКМКнын кызматкерлери менен ок атышып, күч
түзүмдөрүнө каршылык көрсөтүп, качып кетишкен. Кылмышкерлерди колго түшүрүүгө ИИМдин оперкызматкерлери, Жол-кайгуул кызматы тартылды.