Чүй облусунан лицензиясы жок 19 миң бөтөлкө алкоголь тартылып алынды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунан 1 миллион 295 948 сомдук 18 864 бөтөлкө контрафакттык алкоголдуу продукция тартылып алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 26-июнда билдирди.

“Балыкчы арагы” ишканасында өндүрүлгөн алкоголдук продукция контрафакттык алкоголдуу продукцияларды сатуу фактыларын аныктоо жана токтотуу боюнча салыктык көзөмөлдөө рейдинин жүрүшүндө аныкталган.

Алынган алкоголдун 18 864 бөтөлкөсү «Жолчу» жабык акционердик коомунун аймагындагы жеке адамга таандык болгон кампада сакталган. Аны текшерүүдө тийиштүү уруксат документтеринин (алкоголдук продукцияны жүгүртүүгө лицензия, экономикалык иш жүргүзүү үчүн уруксат документтери) жоктогу белгилүү болду. Мындан сырткары арак продукциясынын бардык бөтөлкөлөрүндө күмөндүү акциздик маркалар чапталган.

Материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан