Сокулукта мыйзамсыз аң уулоого чыгып, ак илбирс жана аюунун терисин сатууга аракет кылгандар кармалышты

ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан коргоого алынган жапайы жандыктардын атылып жатканы тууралуу факты катталган. Көп өтпөй кимдир бирөөлөрдүн жапайы жандыктардын терисин сатууга аракет кылып жатканы аныкталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз ууга чыккандардын жана алардын терилерин саткандардын өздүгү аныкталган. 

ИИМден кабарлашкандай, июнь айынын башында Сокулук районунда Чүй облусунун 1972-жылы туулган тургуну Б.Н. жана 1969-жылы туулган Б.Р аттуу Жалал-Абаддын тургуну кармалды. Аларды тинтүү маалында 4 кап табылган. Ал капта ак илбирстин териси, башы жана 3 күрөң аюунун териси болгон. Кармалгандар буларды 8 миң АКШ долларына сатууга аракет кылышкан. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
doping
2015-06-27 12:58:33
Акмактар. Боорум ачып кетти
0
Kagan
2015-06-27 19:50:36
Үйүн, мал-мүлкүн конфискация кылуу менен 20 жылга эркинен ажыратуу керек мындайларды!
+1
Sezy
2015-06-27 21:06:24
Kagan, tuura aitazys.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан