Бишкектин Горький көчөсүндө бүгүн, 27-июнда ири жол кырсыгы катталды. Жол тыгыны пайда болуп, учурда автоунаалар тизилип турат. Айрым күбөлөрдүн айтымында, жүргүнчү ташыган унаалар кагылышып, жол четине унаалардын бири чыгып кеткен.
"Тез жардам" кызматына чалганыбызда жабыркагандар бар экенин, ал жакка атайын унаалар жөнөтүлгөнүн айтышты. Маалым болгондой, жабыр тарткандар ооруканаларга жеткирилип жатат. Ал эми Жол-кайгуул кызматы расмий билдирүү тарата элек.