Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында 27-июнда саат 05:45 чамасында Мерседес-Бенц (мамлекеттик номуру B 38 23Y) жана Субару үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру B 96 86 AJ) кагылышкан. Мунун кесепетинен 3 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо борборунун куткаруучулары барышып, унаага кыпчылып каза болгон адамдын денесин чыгарышкан. Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилсе, жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Москва райондук ооруканасына жеткирилди.